Азотбактер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Азотбактер (лат. Azotobacter) - абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун синтездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал шапалакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жакшы иштетилген топуракта болот. Азотбактерден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч заттар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан азотбактер жерсемирткичи алынат.