Нарын облусундагы район From Wikipedia, the free encyclopedia
Ак-Талаа району ― Нарын облусундагы район.
Административдик борбору ― Баетов айылы. .Райондо 13 айыл аймагы бар.Ак-Талаа району Нарын облусундагы административдик бирдик катары 1936-жылдын 2-сентябрында уюшулган[2].
Район чыгышынан Нарын району, түндүгүнөн Жумгал району, түндүк-чыгышынан Кочкор району, батышынан Чаар-Таш (Ак-Шырак тоо кыркасы аркылуу Жалал-Абад обласунун Тогуз-Торо району, түштүгүнөн Байбиче тоосу аркылуу Ат-Башы району, түштүк-батышынан Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет. Райондун аянты 7266 км² түзүп, Нарын облусунун аянтынын 14,2% ээлейт. Райондун аймагы 13 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Ак-Талаа районунун жана Баетов айыл аймагынын административдик борбору Баетов айылы.
Район тарыхый эстеликтерге бай. Алардын катарына б.з.ч. коргондор тобу, «Шырдакбектин чеби»[3], «Чолок-Коргон»,«Куртка чеби» , «Тайлак баатырдын күмбөзү», «Арап өлгөн» бели,Тоголок молдонун мектеби жана XVI-IX кылымдарга таандык болгон күмбөздөрүнүн топтому кирет. Соң-Көлдөгү тарыхый эстеликтер - «Манастын таштулгасы», «Ак-куланын мамысы»[4].
Ак-Талаа району Ички Теӊир-Тоо, Ортоӊку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Райондун түндүк тарабынан Молдо-Тоо, түштүгүнөн Жаман-Тоо, түштүк батышынан Фергана тоо тизмеги менен курчалган. Деңиз деңгээлинен 1170-4737 м бийиктикте жайгашкан[5]. Ак-Талаа району түндүктөн түштүккө кара 99 км, чыгыштан батышка карай 107 кмге созулат.
Ак-талаа району Ички Теңир-Тоо, Ортонку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Райондун аймагы тоолуу келип, түндүк тарабынан Молдо-Тоо, түштүгүнөн Жаман-Тоо, түштүк батышынан Фергана тоо тизмеги менен курчалган. Нарын дарыясынын куймасы Ала-Буга суусунун боюндагы түзөңдөрдө Орто-Терең сай жана адырлуу чаптар жатат. Ак-Талаа району түштүк бөлүгүнөн Сырт өрөөнү орун алган. Орто-Сырт өрөөнү Ак-Талаа районуна карайт. Өрөөндүн аймагы тоолуу, тоонун капталдары көптөгөн суу өрөөндөрү менен тилмеленген. Деңиз денгээлинен 2700-4500 м бийиктикте жайгашкан Орто-Сырт өрөөнү жайыт чарбасы жагынан мааниси чоң, аянты 121,7 миң гектарды түзөт жана анын ичинен жайытка жарактуу жерлер 54,1 миң гектар жерди ээлейт. Ошондуктан Ак-Талаа бийик тоолуу өрөөндөрү анын ичинен Орто-Сырт өрөөнү райондун субальпылык, альпылык зоналык жайлоо иретинде пайдаланылат. Райондун түндүгүндө Сон-Көл өрөөнү деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөндүн айланасы жайлоо иретинде пайдаланылат. Тоо кыркаларды таянган бийик бөксөлөрдүн этек жактарында өтө тилмеленген майда дөбөлөр, чаптар жайгашкан. Нарын дарыясынын оң өйүзүндө жана сол өйүзүндө батышты карай чаптуу рельефти кездештирүүгө болот. Чаптардын капталдары тик, жыланач келет.
Өрөөндүн климаттык шарттарынын өзгөчөлүктөрү: биринчиден, анын төмөнкү кеңдиктен алган географиялык ордуна; экинчиден анын түндүк жана түштүгүнөн бийик тоолор-климат бөлгүчтөр менен далдаланып турушу; үчүнчүдөн өрөөндүн таманынан деңиз деңгээлинен абсолюттук бийиктигин жогору б.а. 1500м-2300м бийиктикте жатышына карата шартталган. Климаты дээрлик катаал мүнөзгө ээ. Ортонку Нарын өрөөнүндө кыш узакка созулуп (4-5 ай), кургак жана суук келет. Кыш мезгили аба ырайынын антициклондук тиби менен мүнөздөлөт. Бул мезгилдерде аймакта жогорку басымдагы аба массасы үстөмдүк кылат. Кышкы узак түндөр, туруктуу ачык, тынч аба ырайы жер бетинин өтө муздашына жана муздак абанын тоо арасындагы өрөөндө топтолуп туруп калышына көмөкчү болот.
Январдын орточо температурасы -25°C — -30 С, июлдуку +20°C — + 25°C. Жылдык жаан-чачыны 200-500мм. Жылдын жылуу мезгилинде абал кескин өзгөрүп, аба ырайы туруксуз жаан-чачындуу боло баштайт.
Жалпысынан Ички Тянь-Шань жаан-чачыны жетишсиз мелүүн климаттуу район. Жаан-чачындын көбөйгөн мезгили жаз айларынын аягы жана жай айларына туура келет. Ортонку Нарын ойдунунун вегатациалык мезгили апрель, май, июнь, июль, август, сентябрь айларын камтыйт. Көпчүлүк учурда бул мезгил май айынан, тоолордо июнь айынан башталат. Кээ бир жылдары бул айларда абанын температурасы 0°C дан өтө төмөн түшүп, үшүк жүрүшү байкалат. Өрөөндүн шамал режими туруксуз жана районда, сутка ичинде багытын өзгөртүп турган тоолуу өрөөндө согуучу шамал басымдуулук кылат. Жалпысынан алып караганда өрөөндү, кыш бою чыгыш шамалы көбүрөөк согот, андан кийинки орун батыш шамалына таандык. Ортонку Нарын өрөөнүндө тоо кыркаларынын жана алардын арасындагы өрөөндөрдүн багыттарына жараша тоо-өрөөн шамалдары басымдуулук кылат.
Климатынын кургак болгондугуна байланыштуу чөл, жарым чөл жана талаа ландшафтары кеңири таралган. Боз жана күрөң топурактар басымдуу, топурагы таштактуу келет.
Ири дарыялары Нарын жана Ала-Буга. Майда суулары: Жерге-Тал, Коӊорчок, Жаман-Даван Мазар, Терек, Ак-Тал, Куртка ж.б[6].
Боз топурактуу жерлеринде шыбак, эрмен, кара бүргөн, тоолуу бөлүгүндө бетеге өсөт. Түзөңдөрдө жана чөл, жарым чөл тектирлерде шыбак-эфемер өсүмдүктөрү басымдуу келет. Топурагы агыш коңур жана бозомтук күрөң. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек. Өрөөндүн батыш жагында жана Алабуга өрөөнүндө таш шагылдуу жерлеринде тикендүү куурай кезигет[8].
Ойдуңдун рельефинин татаал болушу мындагы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүнө алып келген. Өсүмдүктөр климаттык, экологиялык факторлорго байланыштуу түрдүү абсолюттук бийиктиктерде, бийиктик жана алкактуулук закон ченемдүүлүгүнө ылайык жайгашкан.
Ойдуңдун кескин кургак континенттик климаты чөл тибиндеги өсүмдүктөрдүн таралышына алып келген. Чөл өсүмдүктөрү өрөөндөрдө жана тоо этектеринде, ошондой эле бийик тоо беттеринде да өсөт. Чөл өсүмдүктөрүнүн ичинен кеңири тараганы шыбактуу чөптөр.Шыбак менен бирге жылтыркан, боз терескен жана көп жылдык бадал сымалдар кездешет[8][9].
Кыртышты, нымды сактоо ролдору, капталдардагы ар кандай гравитациялык процесстерге туруштук берүү жана рекреациялык мааниси жагынан өзгөчө орунда турган өсүмдүктөрдүн түркүму токойлор болуп саналат. Райондун аймагында арчалуу токойлордун басымдуу бөлүгү Ички Тянь-Шандын бир далай аймактарында кездешет. 3000 метрге жакын бийик капталдарда, күнөстүү беттерде арчалардын жапалак формалары кездешет. Арча менен кошо токойлуу тилкелерге тиешелүү бадалдар (бөрү карагат, ит мурун, шилби, ж.б.) жана шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Шалбаалар жапалак ачалардын топтору менен аралаш таралган[8][9].
Өрөөндө карагай, арча, сейрек арча, терек, талдан турган токойлор бар. Тоолу аймактарында карагай токойлору башка токойлорго караганда көбүрөөк кездешет.
Райондун аймагында жаныбарлардын өтө сейрек кездешкен түрлөрү тоо текеси, илбирс, карышкыр, суур, кашкулак, майда кемирүүчүлөрдүн түрлөрү кездешет[10].
Ошондой эле көпөлөктөрдүн өтө сейрек кездешкен түрлөрү да бар[10].
Соң-Көлдө балыктардын ондон ашык түрү бар. Ошондой эле ар кандай маалыматтар боюнча көлдө канаттуулардын 41ден 69га чейин түрү байырлашат. Ошондой эле сууга жакын жашаган канаттуулардын 52 түрү аныкталган[10][11].
Ак-Талаа районунун аймагында отун-энергетикалык ресурстардын ири жана түрдүү запастары бар. Алар: мунай жана жаратылыш газы, традициялык эмес кайрадан калыбына келүүчү энергия булактары. Бирок алардын колдонуу деңгээли өтө эле төмөн абалда калууда.
Райондо Ак-Сай жана Турук аз күлдүү таш көмүр кендери белгилүү. Фарфор, фаянс, карапа буюмдарын жана кыш жасоого колдонулган чопонун да кендери кездешет.
Райондо мунай жана газ чыгуучу жерлер райондун Жерге-Тал, Коңорчок, Кайкалак аймактарында жайгашкан. Бирок нефть менен газ кендери бар жерлердин геологиялык, геофизикалык изилдөөлөрү начар жүргүзүлгөн. Жерге-Тал айылынын Май-Булак аймагында 1980-жыдарга чейин геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп турган, бирок СССРдин тарашы менен бул иштер аягына чыкпай токтоп калган.
Асыл жана кооз таштар райондун Жаман-Даван аймагында кездешет. Алар циркон, сапфир, оникс, яшма, агат, арагонит, родонит, берилл жана башка кооз таштар. Туздун кендери Үгүт, Бөйрөк-Туз аймактарында жана Кош-Дөбөнүн «Чоң-Туз» аймагында жайгашкан.Мында туздун катмары чопонун катмары менен аралышып, калыңдыгы 10-12 метрге чейин жетет.
Райондун аймагында минералдуу жана ысык суулардын булак түрүндөгү өзү чыккан жерлери бар. Алардын катарына Үгүт, Бычан минералдык суусу кирет. Бул сууларды райондун жергиликтүү калкы дарылануу үчүн пайдаланат.
Калктын саны ― 34 141 киши (2023-жылдын башына карата)[1], 30тан ашык уруулардын өкүлдөрү жашайт. Райондо Нарын облусунун калкынын 12,3% ти жашайт. Ак-Талаа районунун калкынын санынын өзгөрүшүнө миграциялык процесстер өтө чоң таасирин берип жатат. Акыркы он жылдыкта райондун калкы өтө жай темпте өскөн.
Ак-Талаа районунун негизги өзгөчөлүгү болуп калктын курамындагы эркектердин көптүгү болуп саналат. Эркектердин саны аялдарга караганда (1000 аялга 1002 эркек туура келет) көп[1].
Жаш курагы боюнча эмгекке чейинки курактагылар (0-15) калктын жалпы санынын 37,5 % түзөт. Калктын эмгекке жарамдуу курамы 50,5% түзөт[1].
Райондун калкы бир улутуу. Негизинен бул аймакта кыргыздар калктын жалпы санынын 99,9 % түзөт. Башка улуттардан өзбектер, тажиктер, орустар, татарлар, түрктөр жана башка улуттар аз санда же болбосо жокко эсе[1].
Районудун экономикасы негизинен айыл чарбасына жана мал чарбасына негизделген. Ири өнөр-жай объектери жок, айылдарында кичи ишканалар жана эл аралык уюмдардын атайын долбоорлору аркылуу каржыланган чакан коммерциялык тама-аш азыктарын жана салттуу буюмдарды даярдаган чакан топтор бар. Акыркы жылдары туризм багыты да жандана баштады.
Райондун негизги чарбачылыгы мал чарбасы болуп саналат. Ак-Талаа району Нарын облусу гана эмес, республиканын ири мал чарба району болуп эсептелет[12].
Ак-Талаа районунун аймагында табигый жайыттардын, өзгөчө кургак талаалуу жана жарым чөлдүү жайыттардын кеңири болушу илгертеден бери эле айыл чарбасында кой чарбасынын басымдуу болушуна шарт түзгөн. Кой чарбачылыгында уяң жүндүү кой басымдуулук кылат. Жайкысын койдун көпчүлүгү жайлоолордо багылып келет.
Табигый жайыттын негизги бөлүгүн Орто-Сырттын жана Жогорку Нарын сууларынын алабындагы Ала-Бел, Ак-Шыйрак, Тарагай, Кара-Сайдагы жана башка жайыттар түзөт. Ак-Талаа районунун малы Сон-Көл, Бычан, Орто-Сырт кыштоолорунда, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө кыштайт.
Райондо «Орто-Сырт» асыл тукум мал өстүрү чарбасы, Терек үрѳнчүлүк чарбасы жана 2009-жылдын көрсөткүчү боюнча 781 фермердик дыйкан чарбалары катталган. Фермердик дыйкан чарбаларында 2009 жылы 103269 баш кой, 14269 баш мүйүздүү ири мал, 11790 баш жылкы, 60 топоз, 25846 миң үй канатуулары болгон.
Ак-Талаа районунун экономикасында айыл чарба тармагы негизги орунду ээлейт. Райондо айыл чарбага жарактуу жери 2009-жылдын башына 389,2 миң га (райондун аймагынын 60,6%) түзгөн.
Ойдуңдун таманындагы түздүктүү жерлер дыйканчылыкта пайдаланылат. Анда негизинен тоют өсүмдүктөрү беде, эспарцет, тоюттук жүгөрү, дан эгиндери: арпа, буудай, сулу жана жашылча жемиштер: картошка, пияз, сабиз, керем ж.б. эгилет. Тоо капталдарын айылдардагы малдарды кезүү менен кайтарууда колдонушат. Негизинен өрөөндүн рельефи өтө татаал, бийик тоолуу келип, табигый шарттарына да чарбачылыка да чоң таасир тийгизет.
Өнөр жайынын өнүгүшү боюнча Ак-Талаа району азырынча республиканын ошондой эле Нарын облусунун калган бөлүктөрүнөн артта турат. Район облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 5,4 % берет[13].
Өнөр жайынын негизги тармактары: отун-өнөр жайы, тамак-аш, ун жана жем тартып чыгаруу болуп саналат. Райондо Турук көмүр кени бар. Турук көмүр кени 10100 тонна көмүр өндүрөт. Көмүрдү казып алуунуну эң жогорку деңгээли 2000-жылга туура келип, ал жылы 206,5 миң тонна казылып алынган. Акыркы беш жылда жылына орточо 160,0 миң тоннадан көмүр казылып алынып жатат.
Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында чакан кийим тигүү, турмуш-тиричилик комбинаттары, бут, кийим тигүүчү цехтер болгон. Азыркы учурда жеңил өнөр жай бат темп менен өнүгүп, райондун баардык айылдарында чакан тигүү цехтери ачылууда[14].
Ак-Талаа районунда өнөр жайдын эң маанилүү жана жакшы өнүккөн тармагына тамак- аш өнөр жайы кирет. Райондун борбору Баетов айылында нан бышыруучу, сүт иштетүүчү майда ишканалар бар. Ак-Талаа районунда тамак-аш өнөр жайынын тармагы болуп саналган 70 тен ашкан тегирмен калкка кызмат көрсөтүүдө[13].
Райондо, экологиялык таза улуттук тамак- ашты, уникалдуу туристтик ресурстарды, кооз табияты көрүүгө болот. Аймактагы түбөлүк мөңгүлөр, тоо капчыгайлары, ашуулар, тарыхый эстеликтер, трекинг, атчан жана жөө жүрүштөр, этнографиялык жана тоо туризмин, тоо сууларында рафтинг менен агуу сыяктуу туризм түрлөрү жаңыдан жандана баштады.
Райондо 13 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 19 айыл бар[15]:
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.