Борбордук чалгындоо агенттиги
From Wikipedia, the free encyclopedia
АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги (БЧА, англ. Central Intelligence Agency, CIA) — АКШнын федералдык өкмөтүнүн көз карандысыз агенттиги, анын негизги милдети чет өлкөлүк уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо болуп саналат.
Борбордук чалгындоо агенттиги (БЧА) | |
англ. Central Intelligence Agency | |
Штаб-квартира: |
Лэнгли, Виргиния, АКШ |
---|---|
Жетекчилери | |
Директор |
Уильям Бёрнс |
Директордун орун басары |
Дэвид Коэн |
Негизделген | |
18-сентябрь 1947-жыл |
АКШнын тышкы чалгындоо жана чалгындоого каршы чалгын (контрчалгындоо) боюнча негизги органы. Борбордук чалгындоо агенттигинин ишмердүүлүгү расмий жактан таанылбаган жана жашуруун болушу да мүмкүн.
Борбордук чалгындоо агенттиги штаб-квартирасы (ошондой эле Жорж Герберт Уокер Буш атындагы чалгындоо борбору аталышында белгилүү) Вашингтондон 13 чакырым алыстыкта, Виргиния штатындагы Фэрфакс округунун Лэнгли шаарында жайгашкан.