Жан
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жан (грекче psyhe; латынча anima ) - тирүүлүктүн реалдуулугунун белгиси катары колдонулуп келаткан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбарлардын психикалык жашоосуна жана ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама катары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулатемир жол түшүнүгү көп маанилүү жана мазмуну жагынан да ар түрдүү чечмеленет.
- Динде
Денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция); адамдын жана жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол денени таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нерсе.Теисттик диндерде адамдын Ж-ы дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух башатын түшүнүшөт.
- Идеалисттик философияда
Өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш; бирдиктүү дүйнөбашаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы.
- Материалисттик философияда
Адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими.
- Психологияда
Инсанга таандык жана ага мүнөздүү рухий касиеттердин жыйындысы.
- Кыргыз дүйнө таанымында (Теңирчиликте) жан дене бой менен ойдун, сезим менен туюмдардын «ээси» жана тейлөөчүсү, аң менен кыялдын рухий угуту (Чоюн Өмүралиев). Исламдын кыргыздарга кириши менен жан жөнүндөгү түшүнүк «Куранга» ылайык келтирилди (Азирейил жан алгыч). Аристотелде («Жан жөнүндө» трактат) жан тирүү денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу башталма делет; Декарттын дуалисттик метафизикасы жан менен денени эки бөлөк, өзүнчө турган түпөзөк катары бөлүп көрсөтөт.