![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/ef/Little_girl_wearing_a_white_wedding_dress_1.jpg/640px-Little_girl_wearing_a_white_wedding_dress_1.jpg&w=640&q=50)
Жашы жетелектердин никеси
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жашы жетелектердин никеси – эки адамдын бирөөсү 18 жашка жете элек болуп никеге туруусу[1]. Жашы жете электердин никеси көп учурда расмий эмес, салттуу же диний ырымдар менен кыйылат. Мыйзамда 18 жашка чейинкилерге никеге турууга уруксат берилген учурлар болсо, жашы жетелектердин никеси юридикалык статуска ээ боло алат. Кыргыз Республикасында өзгөчө шарттарда 17 жаштагы жашы жете элек жарандарга нике кыйууга уруксат берилиши мүмкүн.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/ef/Little_girl_wearing_a_white_wedding_dress_1.jpg/640px-Little_girl_wearing_a_white_wedding_dress_1.jpg)
Жашы жетелектердин никеси - көбүнесе кыздарга таасир эткен гендердик феномен. Жашы жетелектердин никелери адам жана баланы басмырлоо, ошондой эле алардын укуктарынын бузулушу катары каралат, себеби жашы жетелек жубайлар макулдугун толугу менен эркин билдире алышпайт. Орточо статистикалык курактагы аялдарга караганда жашы жетелек кыздын кош бойлуулугу төрөт учурунда өлүмгө дуушар болуу коркунучу менен коштолот. Чоң аялдардын балдарына караганда жашы жетелек энелердин балдары көбүрөөк ооруйт. Турмушка чыккан жашы жетелек кыздар үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун алдында алсыз болушат.
Жашы жетелек куракта турмушка чыгуу жана эне болуу - кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, келечектеги турмушуна узак мөөнөткө чейин кедергисин тийгизип, жашоосунун сапатын начарлатышы мүмкүн.
Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасында мамлекеттердин өкмөттөрү баш кошуп жатышкан эки адамдын никеси алардын эркин жана толук макулдугу менен кыйылышын камсыз кылган мыйзамдарды, ошондой эле никеге турууга жол берилген эң төмөнкү курактык чекти белгилеген мыйзамдарды кабыл алып, аларды катуу сакташы керек деген шарт каралган[2] .
Кайсы жаш курагы нике кыйууга эрте болгону тууралуу пикирлер маданиятка, динге, элге жана жашаган заманына жараша айырмаланат. Көптөгөн кылымдар бою, заманыбызга жараша эрте деп кабыл алынган никеге дин, мыйзамдар жана үрп-адаттар тарабынан уруксат берилген [⇨]. Күнбүбүздө деле, кээ бир өлкөлөрдө жана аймактарда, нике үчүн мыйзамдуу минималдуу жаш 18ден төмөн; башкаларында кош бойлуулукка же башка өзгөчө жагдайларга байланыштуу ата-энесинин макулдугу менен 18 жашка чейинки никеге турууга жол берилет[3].
Жашы жете элек никеге туруунун себептери: жакырчылык, кызды калымга алуу салттары, жергиликтүү маданий каада-салттар, эрте никеге турууга уруксат берүүчү мыйзамдар, диний жана социалдык кысымдар, диний эрежелер, турмушка чыга албоодон коркуу, сабатсыздык, аялдардын акы төлөнүүчү жумушка орношуусуна тоскоолдуктар[4].
Эрте никеге эркек да, кыз балдар да кабылышат, бирок бала келиндердин саны эркектерге караганда кыйла көп, жана алардын көбү социалдык-экономикалык абалы оор үй-бүлөлөрдүн кыздары[5].