Кемелизм
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кемелизм (түрк. Kemalizm), же Ататүркчүлүк (түрк. Atatürkçülük) — Мустафа Кемел Ататүрк тарабынан коюлган түрк улутчулдук идеологиясы. Ушул убакка чейин Түркия Республикасынын расмий идеологиясы катары каралып келет. Бирок кемализмдин заманбап жактоочулары алардын идеологиясы Үчүнчү Дүйнө өлкөлөрүнүн өнүгүүсү үчүн эффективдүү үлгү деп эсептешет[1]. Америкалык саясат таануучу Сэмюэл Хантингтон да ушундай эле идеяны карманып, кемализмде радикалдуу (төңкөрүшчүл) батышташтыруу учурун жана мурдагы маданий салттарды бузуу учурун баса белгилеген[2]. Кемализм 6 пунктка негизделген («алты жебе» — түрк. Altı Ok). Биринчи төрт жебе 1927-жылы түзүлгөн, андан кийин дагы эки жебе 1931-жылы кошулган. Алты жебе жөнүндөгү доктрина акыры 1937-жылдагы конституцияда бекитилген.