Пенжаб
азиядагы Пакистан менен Индиянын чек арасында жайгашкан тарыхый аймак. / From Wikipedia, the free encyclopedia
Пенжаб же Панжаб (хинди ਪੰਜਾਬ которулганда Беш-Суу) – Түштүк Азиядагы тарыхый-географиялык облус. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүк бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 150-350 м бийиктикте жайгашкан. Административдик борбору – Чандигарх. Пенжабдын чыгыш бөлүгү – Индиянын штаты, батышы Пакистандын провинциясы. Аянты 200 миң км2ге ашык. Калкы 26,4 млн (2007); облуста калк жыш отурукташып, орточо жыштыгы 1 км2ге 524,9 киши туура келет.