Тигр
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тигр (байыркы фарсы тилинде tigra – жебе) – Түркия, Сирия жана Ирактын аймагындагы дарыя. Узундугу 1850 км, алабынын аянты 375 миң км2. Армян тайпак тоосунан башталып, ортонку жана төмөнкү агымында Жезире платосун жана Месопотамия ойдуңун кесип өтөт. Эль-Курна шаары тушта Евфрат дарыясы менен кошулуп, Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Ал Перс булуңуна барып куят. Башкы куймалары – Чоң жана Кичи Заб, Дияла, Керхе (сол). Орточо чыгымы Багдад шаары тушта 1240 ж3/секдай, андан төмөн суусу азаят; еуусу жазында кирет. Агымы плотиналар менен жөнгө салынган. Жээгинде сугат оазис тилкелери бар. Багдадга чейин дайыма, суу киргенде Мосул шаары чейин кеме жүрөт. Боюнда Диярбакыр (Түркия), Мосул, Багдад, Басра, Кут-эль-Амара, Амара, Эль-Курна (Ирак) шаарлары жайгашкан. Тигр менен Евфраттын аралыгы байыркы цивилизациялардын (Ассирия, Шумер, Вавилония) очогу болгон, Тигрдин боюнда б. з. ч. Ниневия, Ктесифон, Опис, Селевкия, Амида ж. б. гүлдөгөн шаарлар болгон.