Үрүмчү
From Wikipedia, the free encyclopedia
Үрүмчү (кыр. араб: ۉرۉمچۉ شاارى, уйг. ئۈرۈمچى شەھىرى, кыт. 乌鲁木齐市), – Чыгыш Түркстандагы шаар. 1757-жылы цин-манжур императору Цзянь Лундун тушунда негизделген (шаардын алгачкы аты –Дихуа). 1955-жылы шаар курулганга чейинки жергиликтүү географиялык аталышка көчкөн. Үрүмчү шаары Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору. Калкы 1 миллиондон ашат (100дөй түтүн кыргыз бар). Үрүмчү шаарында «Эл басмасы» жана «Окуу-агартуу басмасынын» кыргыз сектору иштейт. Кыргыз тилинде «Шинжаң кыргыз адабияты», «Тил жана котормо» журналдары чыгат[1], «Элдик үн алгы бекетинен» күнүгө эки саат кыргыз тилинде уктурулат.