"Хидайат-Нааме"
From Wikipedia, the free encyclopedia
«Хидайат - нааме» – Мир Хал ад-Дин Яркендинин фарсы тилинде агриографиялык мүнөздөгү жазган 1730–31-жылдары тарыхый чыгармасы. Чыгарма 26 бөлүмдөн турат. Тарыхый окуялардан тышкары анда уламыштар да жазылган. Ошондой эле 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башындагы Могол мамлекетиндеги саясий окуялар берилген, аларга кыргыздардын катышкандыгы да айтылган. «Хидайат - наамеде» кыргыздар кашкарлыктар менен бирге Жаркентке болгон жортуулга катышкандыгы баяндалат. Кашкарды калмактардын басып алуусунан коргоп калышкан, ушул окуялардан кийин кыргыздар Кашкарда өздөрүнүн саясий таасирин бекемдешкен.
Параметр text не задан |