Тарых илимдеринин доктору
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тарых илимдеринин доктору - илимий даража. Кыргыз Республикасында бул наам совет доорунан бери ыйгарылып келет.
Тарых илимдери боюнча доктордук окумуштуу даража алуу үчүн атайын доктордук диссертация жазуу талап кылынат.
Бул диссертация тарых илимдери боюнча окумуштуу кеңешинде корголгон соң, КР Жогорку аттестация комиссиясына (мурдагы Улуттук аттестация комиссиясына) жиберилет.
Адистик териштирүүдөн соң бир нече айдын ичинде талапкерге доктордук даража ыйгарылышы ыктымал.
Диссертациянын деңгээли төмөн болсо, аны четке каккан учурлар да жок эмес.
Бул окумуштуулук даражага чейинки тепкич - тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасы.