Ажыдаар тоолору
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ажыдаар тоолору (бур тилинде Drakensberg) - Түштүк Африкадагы Чоң Тектир бөксө тоосунун бир бөлүгү. Ортоңку бөлүгүнө Лесото тайпак тоосунун чыгыш чети кирет. Бийиктиги 3482 мге чейин (Табана-Нтленьяна чокусу). Негизинен кумдук тоотегинен туруп, аны базальт жаап жатат. Нымдуу чыгыш капталдарында 1200 м бийиктикке чейин тропик токою (азыр дээрлик кыйылган), каксоо беттеринде саванна жана бадалдар өсөт.