From Wikipedia, the free encyclopedia
Англия-Бур согушу - түштүк африкалык согуштар (1899-1902) - Англиянын Түштүк-Африка Трансвааль жана Эркин Оранжевая бур республикаларына каршы согушу. Англия алтын кендерине бай Трансваалды каратууну жана Кейптаундан Каирге чейинки аймакка үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Бур республикаларында жашоочу англиялык уитлендерге (Бур республикаларына келип отурукташкан колонистер) шайлоо укугун берүү жөнүндөгү Англиянын талабын Трансвааль президенти Крюгердин четке кагышы согуштун чыгышына шылтоо болгон. Бурлар (европалык - голландиялык, франциялык жана немис колониячыларынын тукумдары) куралдарынын, тактикасынын артыкчылыгы менен адегенде бир катар жеңишке жетишип, кийин баскынчыларга каршы партизан согушуна өткөн. 1900-жылы сан жагынан артыкчылык кылышкан англичандар Оранжевая республикасынын борбордук Блумфонтейнди, ал эми июнда Трансваалдын борбордук Преторияны ээлешкен. 1902-жылы 31-майда Преторияда тынчтык келишими түзүлүп, ал боюнча Трансвааль жана Оранжевая республикалары Англиянын колониясына айланган. Англия Түштүк Африкадагы абалын бекемдөө максатында бурлар менен африкалыктарга каршы биримдик түзүү үчүн Түштүк Африка Союзун түзөт. 1910-жылы бур республикаларынын жерлери Түштүк Африка Союзунун курамына кирген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.