![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/0c/SchwarzeneggerJan2010.jpg/640px-SchwarzeneggerJan2010.jpg&w=640&q=50)
Арнольд Шварценеггер
Америкалык актёр / From Wikipedia, the free encyclopedia
Арнолд Алоис Шварценеггер (англ. Arnold Alois Schwarzenegger, айтылышы: /ˈʃwɔːrtsənˌɛɡər/; немис тилинде айтылышы: [ˈaɐ̯nɔlt ˈalɔʏs ˈʃvaɐ̯tsn̩ˌɛɡɐ]; 1947-жылы 30-июль) – Австрия жана Американын актёру, продюсер, бизнесчи, инвестор, жазуучу, филантроп, активист, саясатчы жана профессионал культурист. 2003-2011-жылдары эки мөөнөт бою Калифорния штатынын губернатору болгон.
![]() |
Бул макалада грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык каталар бар. Калып:Rq/grammar |
Бул макалага шайкеш категориялар кошулган эмес. Сиз категорияларды таап, же жаңы ачып макалага кошуп, долбоорго жардам бере аласыз. |
![]() Арнолд Шварценеггер
Arnold Schwarzenegger | |
![]() Арнолд Шварценеггер 2010 жылы | |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Арнолд Алоис Шварценеггер (нем. Arnold Alois Schwarzenegger) |
---|---|
Туулган датасы: |
30 -июль 1947(1947-07-30) (76 жаш) |
Туулган жери: |
Грац шаарына жакынкы, Таль кыштагы, Штририя жеринде, |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
IMDb: | |
schwarzenegger.com |
Шварценеггер 15 жашынан баштап, булчуңдарды машыктыруучу спорт менен алектене баштаган. 20 жашында Mr. Universe наамына татыган жана Мистер Олимпия культуристтер сынагынын жеңүүчүсү (7 жолу) болгон. Шварценеггер азыркыга чейин культуристтер чөйрөсүнүн эң көрүнүктүү спортчусу болуп эсептелет. Ошондой эле, ал бул спорт жөнүндө бир канча макала жана китептерди жазган. Шварценеггер эч бир заманда болуп көрбөгөн эң мыкты культуристтердин бири болуп, бул спорттун чыныгы жылдызы болуп саналат. Шварценеггер Голливуддун тез аракеттүү тасмаларынын жылдызы болуп дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Актер 1982-жылы “Конан-Варвар” (англ. Conan the Barbarian) аталышындагы популярдуу кылыч-жана-сыйкырчылык эпикалык тасмада тарылып белгилүүлүккө жеткен, кийин бул тасманын уландысы да тартылган.
1984-жылы Шварценеггер Жеймс Камерондун финансылык жактан ийгиликтүү жана киносынчылар тарабынан жогору бааланган “Терминатор” (англ. The Terminator) аталышындагы илимий фантастикалык жанрындагы тасмасында роль аткарган. Шварценеггер Терминарордун ролун франшизанын кийинки тасмаларында да аткарган, алар: “Терминатор 2: Акыр заман” (Terminator 2: Judgment Day, 1991), “Терминатор 3: Машиналардын көтөрүлүшү” (англ. Terminator 3: Rise of the Machines, 2003) жана “Терминатор: Генезис” (англ. Terminator Genisys, 2015). Шварценеггер тартылган эң ийгиликтүү тасмалар: “Коммандо” (англ. Commando, 1985), “Чуркоочу адам” (англ. The Running Man, 1987), “Жырткыч” (англ. Predator, 1987), “Эгиздер” (англ. Twins, 1988), “Чындыкка чакырык” (англ. Total Recall, 1990), “Бала бакча полициясы” (англ. Kindergarten Cop, 1990) жана “Чындыкка окшош жалган” (англ. True Lies, 1994). 2015-жылы Шварценеггер Дональд Трамптын ордуна The Celebrity Apprentice теле-көрсөтүүнүн алпаруучусу дайындалганы жарыяланган, бирок актер бир сезондон кийин, Трамптын эскертүүлөрүнөн улам долбоордон чыгууга аргасыз болгон. Спорт чөйрөдө Шварценеггер «Австриялык эмен» ысымга татыган, ал эми чыгармачылык ишинде актер «Арни» ысымга татып, саясатта «Говернатор» (англ. The Governator, "Governor" (кырг. аким) жана "The Terminator" (кырг. терминатор)) ысмы менен кеңири таанымал болгон.
Республикачыл Шварценеггер 2003-жылдын 7-октябрында атайын чакыруунун шайлоосуна биринчи жолу шайланып ошол жылы аким болгон Грейс Дэвистин ордуна келген. Шварценеггер 17-ноябрда Дэвистин мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп берүүгө ант берген. Кийин, Калифорния штатынын аким шайлоосунда, 2006-жылдын 7-ноябрында Шварценеггер Калифорния штатынын казыначысы демократ Фил Анжелидисти жеңип, толук акимдик мөөнөтүнө шайланган. 2007-жылдын 5-январында Шварценеггер расмий түрдө экинчи мөөнөтүн баштаган. 2011-жылы Шварценеггер экинчи мөөнөтүн аяктап, чыгармачылык ишин баштаган.