From Wikipedia, the free encyclopedia
Асперде Чот уулу – кыргыздардан чыккан таасирдүү мамлекеттик ишмер, саруу уруусунун бийи.
Фергана өрөөнүндөгү мектепте, Кокондун медреселеринен билим алган. Асперде датка көп жылдар бою Фергана өрөөнүндө аскер кызматында, жогорку даражалуу орундарда иштеген. 1797-жылы Нарбото бийдин буйругу менен Маргалаңга бек болгон, 1800-жылы Алим хандын буйругу менен башкы вазир болуп дайындалган. 1806–07-жылдары Алим хан менен болгон пикир келишпестиктердин натыйжасында ханга каршы тарапка өткөн. 1810-жылдан саруу уруусунун бийи, 1819–20-жылдары Меккеге, Мединага зыяратка барып, ажы болуп кайткан. 1826-жылы Мадалы хан (Кокон ханы) тарабынан датка наамын ыйгарылып, Талас өрөөнүнү башкаруу укугун алат. Ошондон баштап эл арасында «Ажы бий», «Ажы бек», «Ажы датка» аталат. 1842-жылдагы элдик көтөрүлүштө, бир тууган жээни Шераалыны хан көтөрүүгө чоң салым кошкон.
Асперде датка өмүрүнүн акырына чейин Талас өрөөнүндөгү Кара-Буура суусунун жээгинде жашаган. Кокон хандыгы мнен кыргыз элинин ортосундагы карым-катнашты чыңдоого аракетин жумшаган. Динди бекем туткан.
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Кыргызстан тарыхы энциклопедия
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.