From Wikipedia, the free encyclopedia
«Байкоңур» космос айлагы (каз. «Байқоңыр» ғарыш айлағы, орус. Космодром «Байконур») — космостук кемелерди, орбиталык жана автоматтык планета аралык станцияларды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири космодромдордун бири.
Аянты 6717 км2. Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-ж. курулуп, 1991-ж. Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-ж. ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байконурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Воеток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекси, 3 май куючу станция жана кычкылтек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструктурасы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темиржол түйүндөрүн камтыйт. Байконурдагы алгачкы учуруу сыноолору 1957-ж. май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-октябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-ж. 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. Гагарин учкан. Байконурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж.б.) жана орбиталык станциялар («Салют» ж-а «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.