Бекдел тести
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бекдел тести (же Бехдель тести)[1] көркөм чыгармалардагы гендердик бир тараптуу чагылдырууну аныктоочу тест. Ал эми гендердик бир тараптуулук - бул гендерине же жынысына карап жан тарткан мамилелер, көз караштар, ишенимдер. Бул тесттен өтүү үчүн чыгарманын жок дегенде 2 аял каарманы болушу керек жана алардын ортосунда эркектер жөнүндө эмес, башка темада маек болушу шарт. Кошумча дагы бир шарт боюнча, бул аялдарга ысым берилиши керек.
Бул тест америкалык карикатурист Элисон Бекделдин урматына аталган. Аталган идеясын 1985-жылы Бекдел “Dykes to Watch Out For” карикатурасынын каарманы аркылуу билдирген. Ал эми тесттин автору бул ойду курбусу Лиз Уоллеске тийиштүү деп айтат (англ. Liz Wallace). Башында бул тест тасмаларга талдоо жүргүзүү үчүн колдонулган, кийинчерээк, массалык маалымат каражаттарына карата да иштей баштаган. Бекдел тестинин башка аталыштары да белгилүү, алар: Бекдел-Уоллес тести, Бекдел эрежеси, Бекдел мыйзамы жана Мо тасма өлчөгүчү (Мо - комикстердеги каармандардын бири).
Бул тесттин башталышы жөн гана “феминисттик гезиттеги лесби тамаша” болгонуна карабастан,[2] кино сынчылар тарабынан тез эле колдоого алынып, “китеп, телеберүү жана тасмаларды талдоонун стандартына айланган”.[3]