From Wikipedia, the free encyclopedia
Бисмарк архипелагы - Тынч океандын батышындагы аралдар тобу, Жаңы Гвинеядан түндүк-чыгышта, Папуа Жаңы Гвинея мамлекетинин курамында. Эки чоң аралдан (Жаңы Ирландия жана Жаңы Британия) жана Адмиралтейство аймагынан, ошондой эле майда көп шуру аралдарынан турат. Жалпы аянты 50 миң км2дей. Калкы 400 миңден ашык (2003). Чоң аралдары тоолуу (бийикт. 2334 м ге чейин), жанар-тоо көп, анын ичинде аракеттегиси (Улавун) да бар. Жертитирөөлөр болуп турат. Нымдуу тропик токою өсөт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Башкы шаар Рабаул (Жаңы Британия аймагында). Германиянын өкмөт башчысы О. Бисмарктын урматына аталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.