From Wikipedia, the free encyclopedia
Ботаникалык бак – ботаникалык билимдерди таратуучу, илимий-изилдөө, окуу-тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн өсүмдүк өстүрүүчү мекеме. Көбүнчө изилдөө жумуштарын жана экспозицияларды түзүүдө пайдаланылуучу ачык жерлерден, оранжереяларда өстүрүлүүчү өсүмдүк коллекцияларынан турат. Мындай бактардын көпчүлүгүндө дарак, мөмө-жемиш, дары-дармек, гүл өсүмдүктөр өстүрүлүүчү аянтчалар болуп, чоң бакта 20–30 миңге чейинки өсүмдүк түрү өстүрүлөт. Негизги милдети өсүмдүктөрдүн жаңы, баалуу түрлөрүн таап, аларды чарбада өстүрүүгө багыт берүү. Ботаникалык бак тарыхый жактан биринчи илимий ботаникалык борбор болгон. Алардын кыйласы ботаниканын бир катар бөлүмдөрү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү комплекстик институттар болсо, айрымдары аткарган милдетине же коюлган темасына жараша адистештирилип, илимий мекемелерге айланган. Биринчи ботаникалык бак 14-кылымда Италияда негизделген.
Кыргызстанда 1-жолу 1938-ж. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында уюштурулган. Азыр ал КР Улуттук илимдер академиясынын карамагындагы өзүнчө илимий-изилдөө мекемеси. Бакта Кыргызстандын жана Орто Азия аймагында өскөн өсүмдүктөрдүн 600гө жакын түрү чогултулган. Жоголуп бара жаткан алма, четин, катыраңкы, жылан жийде, аса-муса, бозкемпир, жапайы жүзүм жана башка өстүрүлөт. Кыргыз улуттук университетинде окуу ишине байланышкан ботаникалык бак да бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.