From Wikipedia, the free encyclopedia
Бөдөнө (лат. Coturnix coturnix, L. 1758) — кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене узундугу 20 см, салмагы 100–145 г. Жону ак темгилдүү, боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Европа, Азия, Африка, Индияда, O. Азиянын түштүк жактарында кезигет. Кыргызстандын ойдуң жана тоо арасындагы талааларында көп учурайт, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат. Бөдөнө курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын, бүчүрүн жана уругун жейт. Уясын бадал же куурай, чий арасына салат, кара чаар күрөң жумуртка тууп, басып чыгарат. 16–18 жумада уча баштайт. Бөдөнөнүн эти даамдуу. Сайроочу куш катары үйдө да багылат.Жумурткасы 3 см аран жетет
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.