![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/87/Bonariensis.jpg/640px-Bonariensis.jpg&w=640&q=50)
Вербена
From Wikipedia, the free encyclopedia
Вербена (лат. Verbena L., 1753) - вербеналар тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк. Жалбырагы үч бурчтуу келип, карама-каршы жайгашат, бийиктиги 30100 см. 30-60 гүл ачат, кеч күзгө чейин гүлдөйт. 20дан ашык түрү бар. Американын тропик жана субтропигинде көп тараган. КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 4 түрү, Кавказда, Орто Азияда дарылык вербена өсөт. Мурда дары катары колдонулган. Дары вербенаны бадыраң туздаганда кошсо, анын даамы, жыты жакшырат. Анын гибрид формалары менен сорттору 1 жылдык кооз өсүмдүк катары эгилет. Кыргызстанда гүлзарда өстүрүлөт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/87/Bonariensis.jpg/640px-Bonariensis.jpg)