Владимир-волынь княздыгы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Владимир-волынь княздыгы 10-кылымдын аягында волындыктардын жеринде түзүлүп, Киев Русуна кирген. Биринчи башкаруучусу — Всеволод Владимирович. 1118- ж. Владимир-волынь княздыгын В. Мономах басып алып, уулу Андрейди княздыкка олтургузат. 1134—54-ж. И. Мстиславич князь болгон. 1154-жылдан Киевден биротоло бөлүнүп кеткен. Р. Мстиславич (1170—1205) ири феодалдарга карты күрөшүп, 1199-ж. Галиция жанa Волынь жерлерин бириктирген.