Гендердик теңчилик
From Wikipedia, the free encyclopedia
Гендердик теңчилик — адамдардын гендерине карабастан, бирдей укуктук статусу жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, башкача айтканда, аялдар менен эркектерге жынысына карабастан, жашоо турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөргө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши. Гендердик теңчиликте адам өзүнүн адамдык укуктарын жана улуттук, саясий, экономикалык, маданий өнүгүүгө салым кошуу потенциалын, жыргалчылыкка ээ болуу укугун таанып-билүү үчүн бирдей, теңдеш шарттарга ээ болот.
Гендердик теңчилик укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн бардык чөйрөсүн камтыйт, тактап айтканда, адам өмүрү үчүн зарыл болгон зарылчылыктар (саламаттыгына кам көрүү, билим алуу ж.б.) менен укуктук коргоодон тартып, жеке жана коомдук чөйрөдө чечим кабыл алууга катышуу, ошондой эле коомдун саясий турмушунда өз позициясын билдирүү ж.б. бардык тармактарга бирдей тамырын жая алат.
Гендердик тенчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат.
- Гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, жакшыртуу жана өркундөтүү.
- Гендердик тенчилике жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Коомдогу гендердик тенчиликти бузууга багытталган маалыматтан, үгүт жана насыяттан коргоо.
- Гендердик тенчилик маданиятын тарбиялоо жана аны үгүттөө.
- Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле КР гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.