From Wikipedia, the free encyclopedia
Жалалиддин Мангуберди, же Меңмурун Жалалиддин ибн Алауддин Мухаммед (1198/99 – 17–20. 8. 1231, Айн-Дар айылы, Кавказ) – Хорезм шахы (1220-жылдан), Орто Азиядан чыккан кол башчылардын бири; Хорезм шахы Ала ад-Дин Мухаммед Текештин уулу. Чыңгыз-хандын аскери Орто Азияга кол салганда, аларга каршы бир нече жолу сокку берген.
1199-жылы төрөлгөн Жалалиддин тектүү үй-бүлөдөн болуп, II Мухаммед Хорезмшахдын тун уулу болгон. Ал атасына жардамчы катары кара-кытайларга, кийин моңголдорго каршы согуштарды жетектеген.
Моңголдор менен алгач Ыргыз дарыясынын боюнда беттешип, аларды жеңе турган болгондо, Жучу түн киргенден пайдаланып, талаага от жактырып, өзү чегинип кеткен. Атасы Ала ад-Дин Мухаммедке жоонун артынан кууп барып, талкалап салууну сунуш кылган, бирок ал бул сунуштан баш тарткандыктан, кеңешчилери (вазир Шарафулмүлк) андан алыстай баштаган.
1221-жылы мамлекетти башкара баштаган Жалалиддин 22 жашында 300 жоокери менен 700 моңгол аскерин жеңген. Ошол эле жылы 10 000 кол топтоп, Кандагарды курчаган моңголдорду талкалаган. Анын артынан эле Чыңгыз хан жиберген 30 000 аскерди Парван салгылашында Жалалиддиндин тегерегинде чогулган орто-азиялыктар жеңип алышкан.
1221-ж. ноябрда Синд дарыясынын жээгиндеги салгылашууда Жалал ад-Диндин колу моңголдордон жеңилип, өзү Индияга качууга аргасыз болгон. Кийинки жылы Инд салгылашында Жалалиддин жеңилип, үй-бүлөсүнөн ажырап калса да, ал аягына чейин күрөшүүнү чечкен.
1225-жылы кайтып келген Жалалиддин Гарнидеги салгылашта грузин-армян аскерлерин жеңип, алардын жеринен моңголдорго кол салып, Орто Азияны бошотуу аракетин баштайт. 1224-ж. Кавказ аймагына келип, Иран менен Месопотамияга жүрүш жасаган. 1225-ж. Армения менен Грузиянын бир бөлүгүн жана Азербайжанды, 1226-ж. Тифлисти (Тбилиси) караткан. Гарниге жакын жердеги салгылашууда 20 миң грузин жоокери өлгөн, 10 миңи колго түшкөн. 1227-ж. Исфахандын алдында моңголдор менен кайрадан кездешип, жеңишке ээ болгон. Месопотамияга жүрүш жасап, 1230-ж. Хилат шаарын алган.
Мындай тынымсыз согуштардан кийин жергиликтүү уруулардын Жалал ад-Динге каршы нааразылыгы күчөп, тымызын жардам сурап, моңголдорго кайрылышкан. Андан чоочулаган коңшулаш рум, мисир, армян башкаруучулары биригип, 1228-30-жж. Жалалуддинге кол салышкан. Алсырап калган баатырдын абалын Аламуттагы ассасиндер моңголдорго кабарлаганда, Жалалиддинге каршы 30 000 моңгол аскери аттанып, согушта жеңип алышкан. 1231-ж. август айында, Жалал ад-Диндин чакан колун моңголдор капыстан курчап калып, жигиттери жоону алаксытып, аны жалгыз качырышкан. Орто-азиялыктардын эркиндиги үчүн жан аябай күрөшкөн Жалалиддин баатыр 32 жашында күрт тыңчынын колунан шейит кеткен.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.