Жек Лондон
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жон Гриффит "Жек" Лондон (англ. Jack London; туулганда берилген аты: Жон Гриффит Чейни; 1876-жыл 12-январь — 1916-жыл 22-ноябрь) — америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер болгон. Ошол учурда өнүгүп жаткан коммерциялык журналдардагы көркөм чыгармалар дүйнөсүнө чыйыр салган Лондон фантастикалык, анын ичинде илимий фантастикалык чыгармалары менен эле дүйнөлүк атак-даңкка жетип, ири киреше тапкан.
Жек Лондон | |
Төрөлгөндө берилген аты: | John Griffith Chaney |
Туулган жылы: | 1876-жыл 12-январь (Үчтүн айы) |
Туулган жери: | Сан-Франциско (Калифорния) |
Өлкө: | АКШ |
Каза болгон: | 1916-жыл 22-Ноябрь (Жетинин айы) |
Ишмердүүлүгү: | Жазуучу |
Жанры: | Саякат адабияты |
Дебюту: | Жапон жээгиндеги тайфун |
Кол тамгасы: |
Анын атактуу чыгармаларынын айрымдары "Жапайылардын чакырыгы" (англ. The Call of the Wild) жана "Ак тиш" (англ. White Fang) болуп саналат. Эки чыгармасы тең Клондайк аламан алтын учурундагы окуяларды чагылдырган. Ошондой эле ал "От жагуу" (англ. To Build a Fire), "Түндүктүн Одиссейи" (англ. An Odyssey of the North) жана "Жашоону сүйүү" (англ. Love of Life) аңгемелерин жазган. Андан тышкары Лондон "Парлея бермети" (англ. The Pearls of Parlay) жана "Бутпарастар" (англ. The Heathen) сыяктуу аңгемелеринде Тынч океандын түштүгү жөнүндө жана "Деңиз карышкырында" (англ. The Sea Wolf) Сан Франциско булуңу тууралуу жазаган.
Лондон Сан Францискодогу "Топтошкондор" аттуу радикалдуу адабий топтун мүчөсү болуп, эмгекчилердин биримдигин, социализмди жана жумушчулардын укугун берилип коргогон. Лондон ушул темаларды камтыган бир нече күчтүү эмгектерди жараткан. Алардын арасында "Темир согончок" (англ. The Iron Heel) дистопиялык романы жана "Туңгуюк адамдар" (англ. The People of the Abyss) менен "Класстардын согушу" (англ. The War of the Classes) аттуу нон-фикшн репортаждары бар.