Жидда
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жидда – Сауд Арабиясындагы порт шаар. Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Жол тоому. Ири порт (жылына 39,5 млн т жүк жана 2,8 млн контейнер ташылат). Мусулман-зыяратчылар ыйык шаарларга (Мекке, Мединага) табынууга жөнөөчү жай. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, болот эритүүчү, металл иштетүү, курулуш материалдар (мрамор иштетүү, цемент), эмерек, жеңил (булгаары – бут-кийим, текстиль) өнөр жай ишканалары жана деңиз суусун тазалоочу ири завод иштейт. Кеме ремонттолот. Диний буюмдар чыгарылат. Университет, авиация академиясы, медициналык институт, бир нече колледж, музейлер (анын ичинде этнография) бар.