Интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Копмүтерде эл аралык жана жергиликтүү кылуу (англ. internationalization and localization; интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу) — компүтердеги программаны ар кайсы тилдерге, аймактык айырмачылыктарга жана максаттуу базардын (жердин) техникалык талаптарына ылайыктоо дегенди билдирет. Интернационалдаштыруу — ар кайсы тилдерге жана аймактарга инженердик өзгөртүүсүз ылайыктоого мүмкүн болушу үчүн программалык колдонмону иштеп чыгуу жараяны. Локалдаштыруу — интернационалдаштырылган программаны белгилүү бир аймакка же тилге, жергиликтүү аймакка мүнөздүү компоненттер жана текстти которуу аркылуу, ылайыкташтыруу жараяны. Локалдаштыруу (ар кайсы жер үчүн потенциалдык түрдө бир нече жолу жүзөгө ашырылат) интернационалдаштыруу тарабынан берилген инфраструктураны же ийкемдүүлүктү (идеалдуу түрдө бир эле жолу, же тынымсыз өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү катары жүзөгө ашырылат) колдонот.