From Wikipedia, the free encyclopedia
Ителги (лат. Falco cherrug) – шумкарлар тукумундагы жырткыч куш.
Ителги | |
Коргоо абалы | |
---|---|
Endangered (IUCN 3.1) | |
Илимий классификация | |
дүйнөсү: | Жаныбарлар |
тиби: | Хордалуулар |
классы: | Канаттуулар |
түркүмү: | Күндүзгү алгыр куштар |
тукуму: | Шумкар сымалдуулар |
уруусу: | Шумкарлар |
түрү: | Ителги |
Биноминалдык аталышы | |
Falco cherrug Gray, 1834 | |
Жашоо аймактары Сары: Уялайт Жашыл: Туруктуу жашайт Көк: Кыштайт | |
Синонимдери | |
Falco altaicus (Menzbier, 1891) |
Шумкар сымалдуулар тукумундагы, шумкарлар уруусуна кирүүчү кыраан куштардын бир түрү. Мунун төмөнкү түрчөлөрү белгилүү: Индистан ителгиси, Тибет ителгиси. Кыргыздар мүнүшкөрчүлүктө пайдаланышат.
Денесинин узундугу – 60 см, канатынын жайгандыгы узундугу – 130 см ге чейин жетет. Жонунда күрөң, боз, боорунда агала жүнү бар. Уясын аскага салат, 2-4 жумуртка тууйт. Зыяндуу кемирүүчүлөрдү жеп, токой жана айыл чарбага пайда келтирет, майда чымчыктар менен да азыктанат.Азиянын, Түштүк-Чыгыш Европанын тоолорунда жана токой, токойлуу талаа зоналарында жашайт. Кыргызстандын бардык райондорунда кездешет.Суу ичпей бир нече саат журо алат
Ителгини таптап коён, куш ж .б. майда жандыктарга аңчылык кылат. Кыргыздар эзелтен ителгини аңчылыкта, улуттук оюндарда пайдаланып келген. Ителгиге томого катып салынат. Шумкар белгиси жок ителгилердин кыраандары да тоодак, аңыр, каз, кузгундарды ала берет. Ителги менен ылаачын качырганын ала албай калса, андан ары жактан көзүнө эмне көрүнсө, ошол көрүнгөндү кубалап кете берет. Ылаачын менен ителги салган мүнүшкөрлөргө аттын аты керек. Куу-куулап кыйкырып, артынан чыргааңды сүйрөп же далбааңды булгалап жүрүп олтурасың. Ошондо кайрылып келсе жакшы, келбесе ошондон ары жоголот.
Шумкар топтуу тоодак, куу, казды алууга жарайт. Эски сөздө ителги (шумкар) тегирмендин ташын сындыра тээптир дейт. Аныгында кыраан шумкар бүркүттү жыга тебет. Түлкү алганы болот. Коёнду тепкенде башы жарылып кетет. Туйгун, куш, чүйлүк салганда бирди алып гана отуруп калат. Шумкар, ителги, ылачындын кыраандары эч убакта азга ыраазы болбойт. Өлтүрө тээп, жүзү болсо да кырып таштайт. Эң соңунда тепкенинин жанына түшүп олтуруп, этинен тоё жеп тим болот. Жапайы ителги, шумкардын кырандарын ээрчип (мен өз көзүм менен көрдүм), тамак жемекке жүргөн ителгилер көп болот.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.