Канада
From Wikipedia, the free encyclopedia
Канада (англ. Canada [ˈkænədə] угуу; фр. Canada [kanadɑ] угуу) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км).
Канада | |||||
| |||||
Урааны: «A mari usque ad mare» | |||||
Гимн: «O Canada»noicon | |||||
Негизделген | Канада (Жаңы Франция) (1535—1763) | ||||
Эгемендүүлүк күнү | 1 июль 1867 | ||||
Расмий тили | англисче, французча | ||||
Борбор шаары | Оттава 812 миң 45°24′N 75°40′W | ||||
Ири шаарлар | Торонто 2,5 млн Монреаль 1,6 млн Калгари 988 миң Ванкувер 578 миң | ||||
Башкаруу формасы | федералдуу парламенттик конституциялык монархия | ||||
Монарх Премьер-министр | Чарльз III Жастин Трудо | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 2чи - дүйнөдө 9,984,670 km2 км² 11,76% | ||||
Калкы • Бааланган (2022) • Жыштыгы | ▲39,292,355 адам (37чи) 4,2 киши/км2 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2021) | ▲0,936 (чоң) (15) | ||||
Этнохороним | Канадалыктар, канадалык | ||||
Акча бирдиги | Канада доллары (CAD) $ | ||||
Домени | .ca | ||||
ISO коду | CA | ||||
ЭОК коду | CAN | ||||
Телефон коду | +1 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -3.5 |
Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан жана федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008): Канада – Бириккен Улуттар уюмуна (1945), Эл аралык Валюта Фондуна (1945), Эл аралык peконструкция жана өнүгүү банкына (1945), 1949-жылдан Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТО), 1973-жылдан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.