Кемин
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кемин (мурда Бөрүбай, Коёнду, Быстровка аталган; 1992-жылдан Кемин) — Кыргызстандын Чүй облусунун Кемин районундагы шаар.
Шаар | |
Кемин | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Чүй облусу |
If: |
Кемин району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны |
8 169 (2009) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Чүй дарыясынын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Токмок шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Кыштак катары 1912-жылы пайда болгон. 1954-жылдан шаарча. 2012-жылы шаар статусуна ээ болгон. Калкы 8,2 миң (2009). Темир жол станциясы жайгашкан. Шаарда «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть жана газ» биргелешкен ишканасы, ошондой эле айыл чарба азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан өнөр жай ишканалары иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 орто жана музыкалык мектеп, бала бакча, бейтапкана, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепкана, 2 маданият үйү, кинотеатр, мейманкана жана башка бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санитардык-эпидемиологиялык станция, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресторан, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана Шабдан баатырга эстелик тургузулган.