Кенгуру (арал)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кенгуру (Kangaroo) – Австралиянын Түштүк жээгине жакын жайгашкан арал, Чоң Австралия булуңунда. Аянты 4,4 миң км2дей. Жеринин бети түзөң, бийиктиги 300 мге чейин. Климаты субтропиктик; жылдык жаан-чачыны 600 ммдей. Склерофиль бадалдары (мали-скрэб), кургак эвкалипт токою өсөт. Флиндерс-Чейс улуттук паркы бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/5/5c/Australia_Kangaroo_Island.png)