From Wikipedia, the free encyclopedia
Кингстон — Канаданын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Онтарио провинциясында. Онтарио көлүнүн түндүк-чыгыш жээгинде, Ыйык Лаврентий дарыясынын башатына жакын жайгашкан. Калкы 109,7 миң (2008; агломерациясында 150 миң). Маанилүү жол (автомобиль, суу жана темир жол магистралдары кесилишет) тоому.
Француздар тарабынан соода факториясы жана форт катары 1673-жылы негизделген. 1846-жылдан шаар. 1998-жылы анын курамына кошуна округдар (Кингстон жана Питтсбург) кирген. 19-кылымдагы британ чептери (анын ичинде Форт-Генри; Ридо каналына кирүүнү коргоо үчүн салынган) жана канал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Неоготика стилиндеги Кудай эне собору (1843—48), мэрия имараты (1842—44) сакталган. Король университети (1841), Канада король аскер колледжи (1876), сүрөт галереясы, музейлер (геология, минералогия, криминология, деңиз ж. б.), Эл аралык муз үстүндөгү хоккей федерациясы (1965), театр (симфониялык оркестр иштейт) бар. Жыл сайын канадалык кино (2001) жана эл аралык жаз музыка фестивалдары (2005) өткөрүлүп турат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.