Клетка мембранасы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Клетка мембранасы (цитоплазмалык мембрана, плазмалык мембрана, плазмолемма) (Cutolemma, plasmalemma) - клетканын цитоплазмасын сырткы чөйрөдөн же клетка кабыгынан (өсүмдүктө) бөлүп турган мембрана. Клетка органоиди. К. м. калыңд. 7-10 нм. К. м. химиялык курамы 40 % липидден, 60 % белоктон, 1 % углеводдон, 1 % ферменттен турат. Мембраналардын липиддери көбүнчө фосфолипиддер жана холестерин. Клетка менен сырткы чөйрөнүн ортосундагы зат алмашууда, клеткалардын кыймылында жана бири-бири менен чиркелешүүсүндө чоң мааниси бар. Жарым өткөргүч ал аркылуу суу эркин өтүп кетет. Жогорку молекулалуу заттар өтпөйт. Ар түрдүү заттардын активдүү жана пассивдүү өтүүсү белоктор аркылуу камсыз болот. К. м-сында 30га жакын ар түрдүү ферменттер табылган. Алардын ичинен АТФаза, шелочтук фосфотаза жана РНКазалар көп кездешет жана К. м-сы аркылуу иондордун өтүшүндө негизги мааниге ээ. Гликолизге жана дем алууга катышуучу ферменттер эукариоттук клеткалардын плазмалык мембранасынын курамынан табылган эмес. Мg –АТФаза плазмалык мембрана аркылуу иондордун өтүшүндө негизги мааниге ээ.