From Wikipedia, the free encyclopedia
Корт (англисче court, латынча cohors – тосулган жер) – теннис ойнолуучу, үстү тегиз чарчы аянтча. Анын үстүнө табигый (чөп, чопо-кум ж. б.) жана жасалма (асфальт, жыгач, пластик ж. б.) материалдар төшөлөт. Жеке разряд оюндары жүргүзүлүүчү аянтчанын өлчөмү 23,77x8,23 м. Аянтча чектөөчү сызыктар менен тосулат. Ал жерден бийиктиги 91,4 см (жогорку чеги) тор жана 107 см тирөөчтөр менен жарымынан бөлүнөт. Торго жарыш 6,4 м аралыкта теннис тобун берүү сызыгы орун алат. Экөөнүн ортосундагы аралыкты бойлото кеткен сызык – топту өткөзүү талаасы болот. Жуптар оюн жүргүзүүчү Корттун туурасы 10,97 м, калган өлчөмдөрү жеке разряддагыдай. Корттун ички жана тышкы каптал сызыктарынын ортосунда коридор бар. Жуптардын оюнунда коридорго топ түшсө саналып, ал эми жеке разряд оюндарында аут деп эсептелинет. Корттун төшөлгөсү оюндун мүнөзүнө кескин таасир этет. Эл аралык теннис федерациясынын (ITF) атайын жумушчу тобу Корт үстүн каптап жаткан төшөлгө боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө. Корттор «бат» (жука төшөлмө), «жай» (калың төшөлгө), ачык (ачык асман алдында) жана жабык (имарат ичинде) деп бөлүнөт. Жабык Корттун бийиктиги 8 мден кем эмес болуш керек.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.