From Wikipedia, the free encyclopedia
Костанай – Казакстандагы шаар. Костанай облусунун административдик борбору. Тобол дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Калкы 205,5 миң (2004). Темир жол тоому. 1879-ж. негизделип, Новониколаевск, 1893-жылдан шаар болуп, Николаевск деп аталган. 1895-жылдан азыркы атында. 1921–25-жылдары Ак-Төбө облусундагы Костанай губерниясынын, 1925–30-жылдары округунун, 1930-ж. районунун 1936-ж. Костанай облусунун борбору. Жеңил (камвол-нооту комбинаты; «Большевичка» бут кийим фабрикасы), тамак-аш (эт-сүт, ун-жарма, нан комбинаттары), курулуш материалдар (темир-бетон, кыш заводдору), машина куруу жана металл иштетүү, химиялык, электр энергетика өнөр-жай ишканалары жана ошондой эле 10 АК, 9 ЖЧК, 4 МКК иштейт. Педагогикалык университет, айыл-чарба институту, коллеждер (кооперация, индустриялык, автомобиль, курулуш), 2 кесиптик-техникалык окуу жайлары, музей, 2 маданият үйү, облусу драма театр, филармония, 13 китепкана, оорукана, диспансерлер бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.