Кыргызстандын парламенттик шайлоосу (2021)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Парламенттик шайлоо — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги парламенттик шайлоосу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган. Тийиштүү жарыкка 27-августта президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул шайлоо 2020-жылы өткөрүлгөн шайлоонун кайрадан өткөрүлүшү болуп эсептелет. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл жана партиялардын мүчөлөрү массалык нааразылык акциясын уюштуруп жыйынтыгында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Аны менен бирге, борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.