Лусака
From Wikipedia, the free encyclopedia
Лусака – Замбия Республикасынын борбору (1964-жылдан). Лусака провинциясынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Темир жол бекети катары 1905-ж. негизделген. 1935– 64-ж. Британия протектораты Түндүк Родезиянын (учурда Замбия) административдик борбору болгон. Тамак-аш, тигүү, химия, автомобиль кураштыруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карапа, жыгач, жез буюмдары) өнүккөн. Лусака – Замбиянын маданий борбору. Университет, коллеждер, китепканалар, музейлер, театр, галерея жана Замбиянын табиятын жана жапайы жаныбарларын коргоо улуттук кеңеши, Ыйык Распятие англикан собору бар. Зоопарк жана ботан. бак уюштурулган.