Лютерчилик - протестантизмдин негизги агымдарынын бири.
16-кылымда Германияда Реформациянын жүрүшүндө пайда болгон. Ага М. Лютер негиз салган.
16-кылымда Скандинавия, кийинчерээк Европа өлкөлөрүнө тараган.
Адегенде Лютерчилик протестантизмдин бир катар жоболорун негиз кылып алган; католик чиркөөсүнүн кээ бир сыйынуу белгилерин четке кагып, өзүнө ылайык келгендерин сактап калган; чиркөө коомунун укугун чектеген, Епископтор менен архиепископтор гана бийликтен пайдаланышкан.
Лютерчилик Библия, Чоң жанa Кичине катехизис ж. б. диний чыгармаларга таянган.
1970-ж. анын жолун жолдогондордун саны болжол менен 75 млн болгон.
Бүткүл дүйн. Лютерчилик федерациясы 1947—70-ж. 82 Лютерчилик чиркөөсүнөн турган.
Лютерчилик чиркөөсү 1948-ж. уюшулган Буткул дүйнөлүк чиркөөлөр советине кирет.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.