Марказит
From Wikipedia, the free encyclopedia
Марказит — минерал, жаратылышта көп кездешчү күкүрттүү темирдин бир түрү.
Химиялык формуласы FeS2. Ромб системасында кристаллданат. Өңү сары, киргил сары. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6—6,5. Салыштырма салм. 4,6—4,9. Гидротерм кендерде пирит ж. б. сульфиддер менен бирге жанa чөкмө түрүндө көздешет. Марказит кукурт кислотасын алууда пайдаланылат.