From Wikipedia, the free encyclopedia
Мотоцикл спорту — спорттун бир түрү. Ага мотоцикл менен ылдам жарышуу, мотоциклди көркөмдөп айдоо жана мотоцикл менен топ ойноо (мотобол) кирет. Мотоцикл айдоого үйрөтүү жана спортсмендерди даярдоо ДОСААФтын автомото клубдарында жүргүзүлөт.
Мотоцикл айдоодо нерв жана булчуңдар чыңалат, дене солкулдоого, дирилдөөлөргө дуушар болот. Мотоцикл спорту менен машыккан спортсмендин ден соолугу чың, техникалык, психологиялык жактан жакшы даярдыктарга ээ болуулары тийиш. Аны менен машыгуу кыймылдардын ыкчамдыгын, координациясын жакшыртат жана кайраттуулук, чечкиндүүлүк, түзүлгөн шартты тез баамдоо сапаттарын өөрчүтөт.
Организмдин дем алуу, жүрөк-кан тамыр, сөөк-булчуң системасын өнүктүрөт. Мотоцикл айдоого психикалык жактан жана ден соолугу чың, мотоцикл айдоого укугу бар, медициналык мекемелерде врачтын күбөлөндүрүүсүнөн өткөн, 16 жашка толгон уландарга жана кыздарга уруксат берилет. Алар врачтык-физкультуралык диспансерден такай медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Психикасы туруксуз, жүүнү бош, травма алган же борбордук нерв системасынын оорулары менен жабыркаган адамдарга мотоцикл спортуна катышууга болбойт.
Мотоцикл айдоодо ар кандай кырсыктар болушу мүмкүн. Аны алдын алууда мотоцикл айдоочунун башына атайын баш кийим (шлем) кийүүсү, бутуна коргоочу калкан тагынышы, ошондой эле өзүн өзү сактай билүү ыкмаларын үйрөнүү зарыл.
Мотоспорт мотоцикл жазалгандан пайда болгон деп эсептелинет. Эң биринчи 1885-жылы Готтлиб Даймлер жазаган. 1887-жылы «Де Дион-Бутон» франциялык фирмасы трициклдардын чыгааруусун баштаган. Бирок биринчи мотоциклдерди коом ишенич менен кабыл алган эмес. Мотоцикл чыгаруучулар артыкчылыгын "механикалык жеңил араба" мелдешин оор шарттарда өткөрүү менен алектенишкен. 1894-1903 жылдары мотоциклде жарышууну уюштуруунун максаты мотоцикл ыңгайлуу транспорт экенин далилдөө болчу.
Биринчи мотоцикл жарыштарын уюштурган Франциянын (Automobile Club de France) Автомобилдик клубу эсептелет.Ошого байланыштуу Франция көп жылдар бою мотоциклдик спорттун борбру болуп келген. Париж баштапкы чекити болуп келет. 1904-жылы 8-июлда Эл аралык мотоциклдик клубдар федерациясы түзүлгөн.
Тректик дисциплиналар (спидвей)
Тректик дисциплиналар- эллипс формалуу тректе, атайын гарейлик, муздуу, топурак же чөп жабуусу бар жарыш жолдордо өткөрүлүүчү жарыштар. Мындай жолдордун эки түз участогу жана эки туруктуу радиусу менен сол бурулушу бар. Дүйнөдө мындай түрлөрү да тараган:
Мотокросстук дисциплиналар — кесилишкен жерде же табигый тоскоолдуктары бар түнт жолдо өткөрүлүүчү жарыштар.Алар бөлүнөт:
Супермото — асфальтталган мотокростун элементтери бар жолдо атайын мотоциклдерде болуучу жарыштар (70 % — асфальтжабуу, 30 % — топурак жол). Дистанциянын узундугу — 500-2000 м.
Эндуро — ар кандай жабуусу бар жолдордо, берилген кыймыл графигин сактоо жана кошумча жарыштарды шарттары аткаруу менен өтүүчү жарыштар. Эндуронун түрлөрү:
Эндуро-кросс — суперкросстун, триал жана эндуронун гибриди.
Мотобол — эки кагылышып аткан командалардын мотоциклдердеги оюну, бири-биринин дарбазаларына топ кирүүгө умтулушат. Команда 6 кишиден турат: үч сүрдүктүрүүчүлөр, коргоочу жана запастагы. Дарбаза коргоочу оюнчудан башкасы мотоциклчен. Оюндун узактыгы 80 мүнөт, 20 мүнөттөн 4кө бөлүнгөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.