![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/ca/Navassa_ISS014.jpg/640px-Navassa_ISS014.jpg&w=640&q=50)
Навасса аралы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Навасса аралы - Кариб деңизинде. Ээн арал. Гаити аралынан Ямайкага кеткен деңиз жолунун орто ченинде жайгашкан. Бул аралды АКШ 1857-жылдан гуано (деңиз канаттууларынын кыгы) казып алуу үчүн колдонуп келген. 1957-ж. АКШ тарабынан аннексияланган. Эң бийик жери 77 м (аты жок чоку). Арал шуру (коралл) жана акиташ тегинен түзүлгөн. Негизинен жайыт катары колдонулуп, эчки асыралат. Бак-дарактар, кактус жана реликт пальма өсөт. Мурда гуано алынса, учурда корук. Аралда балыкчылар убактылуу жашаганы менен негизинен ээн. Табигый байлыгы - гуано. Экономикасы балыкчылыкка байланыштуу. Аралды 1504-жылыX. Колумб ачкан. Аралга 1917-жылы деңиз деңгээлинен120 м бийикте маяк (бийиктиги 46 м) орнотулган. Ал 1929-жылы толугу менен автоматташтырылган. 1996-жылдан АКШ тарабынан колдоого алынбай келүүдө.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/ca/Navassa_ISS014.jpg/640px-Navassa_ISS014.jpg)