Пицунда – Абхазиядагы шаар (2007-жылдан). Кавказдын Кара деңиз жээгиндеги Пицунда тумшугунда жайгашкан. Гаградан 25 км түштүк тарапта. Калкы 8,5 миң (2010). Кара деңиздин жээгиндеги деңиздик климаттык ири курорт комплекси. Деңиз бойлой Мюссера тоолоруна чейин сейрек кездешүүчү пидунда көк карагай токою өсөт. Пицунданын аймагында антика гректери негиздеген жана орто кылымга таандык шаар жана порт Питиунт (грекче Pityus) жайгашкан. Чеп дубалдары, турак-жай курулуштары, византия базиликасы, байыркы шаар чалдыбарынан түндүк-чыгыштагы храм (10-кылым, фрескалары 14-, 16-кылымдар) ж. б. сакталган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.