From Wikipedia, the free encyclopedia
Плутон (Pluto; символдору: [1] же [2]) – күн системасындагы чоң планеталардын бири.
Аны 1930-жылы америкалык астроном К. Томбо ачкан. Плутондун физикалык мүнөздөмөлөрү толук изилдене элек. Массасы Жердин массасынын 0,002 бөлүгүнө барабар деп болжолдонот. Күндөн аралыгы 39,5 а.б. Жерден байкаганда 15-жылдыз чоңдугунчалык чекит объектиндей болуп көрүнөт. Плутон Күндү өз орбитасы бонча 247,7 жылда бир айланат, эклиптика тегиздигине кыйшаюу бурчу 17°. Башка планеталарга салыштырганда Күндөн өтө алыс жана жарыктанышы начар болгондуктан Плутонду изилдөө өтө татаал. Плутондун диаметри 3000 кмге жакын, бетинин температурасы -220°. Атмосферасы сейректелген жана негизинен газ абалындагы метандан турат. Плутондун 1 жандоочусу бар. Анын диаметри 3 эсе кичине жана анын айланасында 20 000 км аралыкта айланат. 1 айлануусу 6,4 суткага барабар.
Плутон планетасынын радиусу 2500 км, тыгыздыгы 7,4 г/см³. Күндү 248 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында толук 1 айлануусу 6 сут 9с. 17 минутага барабар.
Бул жагынан Плутон планетасы зор планеталардан бир аз гана айырмаланат. Кийинки күндөрдө планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен планетанын табигый жандоочусу Харон ачылып, Плутонду радиусу 17500 км болгон орбита менен айланып жүрө тургандыгы аныкталган. Плутондун беш жандоочусу Харон, Стикс, Никта, Кербер, жана Гидра.
Плутон – Күн системасындагы Күндөн санаганда аралыгы боюнча тогузунчу планета. Аны америкалык астроном К. Томбо 15-жылдыз чоңдугу катары аныктаган (1930). Плутондун орбитасы өзүнө жакын жаткан чоң планеталардын орбитасына окшобойт. Анын эксцентриситети е=0,248. Плутондун Күндөн орточо аралыгы 39,75 астрономдук бирдик. Күндү 4,7 км/сек ылдамдык менен 248,09 жылда айланып чыгат. Плутондун массасы 1,31·1022 кг, тыгыздыгы 2,03 ± 0,06 г/см³ температурасы –230°C; диаметри 2015-жылдагы эсептөөлөр боюнча 2370±20 км. Атмосферасы негизинен газ абалындагы метандан турат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.