Роберт Де Ниро
From Wikipedia, the free encyclopedia
Роберт Энтони Де Ниро (англ. Robert De Niro; 1943-жылдын 17-августунда туулган) -америкалык актер, продюсер жана режиссер. Ал Италиянын дагы, АКШнын дагы жарандыгын алган. Актер "Өкүл ата 2 " (англ. The Godfather Part II) тасмасында аткарган Витонун ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. Анын кинорежиссер Мартин Скорсезе менен көп жылдык кесиптик байланышы жемиштүү болуп, "Кутурган өгүз" (англ. Raging Bull ) тасмасындагы Жейк Ла Моттанын ролу "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 2003-жылы Америка кино искусство институтунун (AFI Life Achievement Award) сыйлыгына татыктуу болсо, "Алтын глобус" сыйлыгына ( Сесиль Де Милль) 2010-жылы арзыган. 2016-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама тарабынан "Эркиндик" медалы ыйгарылган.
Роберт Де Ниро
Robert De Niro | |
Роберт Де Ниро 69-чу Каннск кинофестивалында, 2016-жыл | |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Роберт Энтони Де Ниро — кенже[1] |
---|---|
Туулган датасы: |
17 -август 1943(1943-08-17) (80 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1963 — азыркы учурда |
Сыйлыктары: |
«Оскар» (1975, 1981) |
IMDb: |
Де Ниро кинодогу ири ролдору "Барабанды акырын ойно" (англ. Bang the Drum Slowly, 1973) спорттук драмасына жана М. Скорсезенин " "Жаман көчөлөр" (англ. Mean Streets) тасмасыне таандык. Ал М. Скорсезенин "Такси айдоочу" (англ. Taxi Driver, 1976) жана "Коркунуч тумшугу" (англ. Cape Fear, 1991) тасмасындагы ролдору "Оскар" сыйлыгынын көптөгөн номинацияларына талапкер болгон. Де Ниро Майкл Чимино тарткан "Бугуларга аңчылык" (англ. The Deer Hunter, 1978), Пенни Маршаллдын "Ойгонуу" (англ. Awakenings, 1990) Дэвид О. Расселлдин “Күмүш мукабалуу китеп” ( Silver Linings Playbook, 2012) тасмаларына катышкандыгы үчүн дагы кошумча сыйлыктарга көрсөтүлгөн.
Режиссер М. Скорсезенин "Сонун жигиттер" (англ. Goodfellas, 1990) криминалдык тасмасында каракчы Жимми Конвейдин, " Комедия падышасы" (англ. The King of Comedy, 1983) тасмасында Руперт Папкиндин ролдору Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына талапкер болгон.
Де Ниро "Алтын глобус" сыйлыгынын Көркөм фильмдеги эң мыкты актер" номинациясына "Нү-Йорк, Нү-Йорк" (англ. New York, New York (1977), "Түнгө чейин шашуу" (англ. Midnight Run, 1988), "Муну талда" ( англ.Analyze This, 1999) жана "Ата-эне менен таанышуу" (англ. Meet the Parents, 2000) тасмаларындаги ролдору үчүн төрт жолу көрсөтүлгөн. Башка көрүнүктүү ролдору "Америкада бир кезде" (англ. Once Upon a Time in America, 1984), "Бразилия" (англ. Brazil, 1985), "Миссия-кызмат" (англ. The Mission, 1986), "Кол тийбестер" (англ. The Untouchables, 1987), "Кыл чайнаш" (англ. Heat, 1995) жана "Казино" Casino (1995) тасмаларына таандык. Роберт де Нирло "Бронкс окуясы" (англ. A Bronx Tale, 1993) жана "Жакшы койчу" (англ. The Good Shepherd, 2006) тасмаларын тартып жана роль жараткан