Саам тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Саам тили (өз аталышы - suomi, suomen kieli) — финндердин тили, саам-мажар бүлөсүнүн балтик-саам тобуна кирген тил. Саам-мажар жана самодий тилдери (энец, ненец, нганасан, селкуп) орол тилдеринин бүлөсүн түзөт.
Финляндияда, Швециянын түндүгү менен Норвегияда, Карелияда жана Америкада (негизинен АКШда) таралган. Финн-угор тилдерине кирет. Алгачкы жазуу эстеликтери 13-14-кылымдарга таандык. Адабий тилинин жаралышына саам жазмасынын түзүлүшү (1540) өбөлгө болгон. Азыркы адабий тилинин калыптаныш процессин 19-кылымдын 70-жылдары аяктаган.
Финляндия аймагына таралган саам тили батыш жана чыгыш деген эки бутакчага биригип 7 диалекттен турат. Азыркы саам тили - мүчөлөмө (агглютинадиялама) тил. 15 жөндөмөсү бар, жыныстык категориясы жок. Лексикасында балтика, герман, славян тилдеринен кабыл алынган сөздөр учурайт. Жазмасы латын арибинин негизинде түзүлгөн.