From Wikipedia, the free encyclopedia
Самурай (жапончо 侍, бу́си жапончо 武士) — орто кылымдардагы жана феодал доорундагы Жапониядагы ак сөөктөр тобу. Алар диний макамга ээ болгон эмес. Алардын арасында бектер да, колбашчылар да, жакырданган жергиликтүү ак сөөктөр да болгон. Бул терминди тар мааниде “аскердик-феодалдык ак сөөк катмар” деп да колдонушат. “Самурай” сөзү менен “буси” сөзү көп жагынан маанилеш, бирок “буси” сөзү көбүнесе “жоокер” маанисинде аңдалат. Самурайлардын арасында аскер өнөрүнөн тышкары поэзияны, көркөм өнөрдү, философияны кадырлаган жана өнүктүргөн инсандар да көп болгон. Жапондук самурайды кыргыздын “Манас” дастанындагы чоро менен кыйыр салыштырууга болот.
«Самурай» сөзү saberu' (кызмат өтөө, колдоо) деген этиштен келип чыккан.
Самурай – тек гана кызматтагы киши эмес, Ал жоокер, кошуундагы чоро болуп чектелбейт, ал өзү баш ийген төбөлгө аскердиктен башка тармактарда да кызмат өтөгөн.
Самурайчылык - 646-жылкы Тайка реформасынын негизинде келип чыккан социалдык топ.
Самурайлар катмары социалдык топ (же тап) катары император Камму бийлеген доордо (8-к. башы – 9-к. башында) өзгөчө өнүгүүгө мүмкүндүк алган.
Ал доордо император Камму жергиликтүү айн элине каршы күрөштө самурайларга таянууга умтулган.
10-12-кылымдарда самурайлардын муундан муунга оозеки мурасталган адеп-ахлактык эрежеси («Жаа менен аргымактын жолу») калыптанган. Бул эрежелер топтому кийинчерээк «Жоокердин жолу» («Бусидо») деген мыйзамдык жыйнакка өсүп чыккан.
Самурайлардын өзгөчө социалдык катмар катары расмий катталышы Жапонияда «Гэмпэй урушу» атка конгон атуулдук согуштан кийинки учурга - Минамото тукуму бийлеген доорго (1192-1333) таандык.
Самурайчылыктын алтын кылымы катары биринчи Сёгун өкүм жүргүзгөн доордон Онин урушу чыккан доорго чейинки мезгил каралат. Бул – салыштырма тынч мезгил болгон. Бейпил турмуш маалында самурайлардын саны да аз болгон, бакыбаттык турмуш деңгээли да мурдагыдан алда канча өйдө болгон.
Жапонияда аймактык колбашчылар-акимдер сёгундун бийлигин сөз жүзүндө гана таанып калышкан.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.