Сэр Марк Аурель Стейн
From Wikipedia, the free encyclopedia
Сэр Марк Аурель Стейн (венг. Stein Márk Aurél; 26 ноябрь 1862-ж. - 26 октябрь 1943-ж.), атактуу венгр этнографы жана саякатчысы, археолог жана чыгыштаануучу.
Өз учурунда швед Свен Гедин, орус илимпозу П.К.Козловдор сыяктуу Чыгыш Түркстанды изилдөөгө зор салым кошкон окумуштуу. В.В.Бартольд, А.Ольденбург ж.б. Марк Аурель Стейндин жазган эмгектерин окушуп, ага шилтеме жасашкандыгы маалым. Стейн Будапеште (Австро-Венгрия империясы) еврей улутундагы үй бүлөдө туулган, өз өмүрүн жана билимин Улуу Британия үчүн арнаган. Улу Британиянын Орто Азиядагы жана Ички Азиядагы аскер чалгынчысы болгондугу белгилүү. Ата-энеси шыктуу баланын акылын өнүктүрүү максатында 10 жашка толгон Маркты Дрездендеги Краузе мектебине беришкен эле. Мектепте Стейн грек, латын, француз, англис тилдерин окуган, ушул мектепте Стейндин лингвистика илимине болгон шыгы биротоло калыптанат. Мектептеги мезгилде Чыгышка болгон кызыгуусу, сырдуу Чыгыштын калктарынын маданияты, жашоо-турмушу кызыктырат. 1876-1879 жж. Будапештеги евангелистердин жогорку лицейинде билимин уланткан. Өз агасынын жана тайакесинин таасири менен Венгер Академиясынын бай китепканасын өзү үчүн ачкан эле. Бул мезгил Стейндин жашоосундагы бурулуш жылдар болуп калган. 1879-ж. Вена университетине тапшырып, санскрит тилин үйрөнөт. 1880-ж. тартып окуусун Лейпциг университетинде уланткан. 1881-ж. индология жана иранистиканы терең үйрөнүү максатында Тюбинген университетине которулат. Окууну аяктагандан кийин ошол эле университетте дарс окуган. 1887-ж. Индияга сапар тартып, Бомбей ж.б. шаарларда санскрит тили боюнча билген жана адис адамдардан билим алат. Пенжаб, Лахор университеттеринин китепканаларында иштейт, эмгектерди жаза баштаган. Археологиялык экспедицияларды уюштурат, Калькуттадагы медресени башкарат. 1897-ж. Будапеште «Белые гунны и родственные племена в истории северо-западной пограничной области Индии» аттуу темада дарс окуган эле. Англия аскерлери жаңы жеңип алган жерлерден А.Македонскийдин жүрүшүн жана андан калган эстеликтерди табууга аракет жасайт. Стейн илимде оболку ирет инди жазма эстеликтерин, раб графикасындагы жазылган маалыматтарды, археологиянын жана нумизматиканын, этнографиянын ачылыштарын илимге комплекстүү пайдаланган илимпоз катары белгилүү. Анын илимий усулун кийинки илимпоздор кенен колдоно билишкен маалым. 1892-ж. «Поток царей» Кальханы” аттуу санскрит тилиндеги эмгекти англис тилине которгон. Свен Гединдин саякатына таасирленген Стейн Чыгыш Түркстан жана Хотанга жүрүш жасоого аракет жасап, бийликтерге бир катар ирет кайрылган эле. Анын аракети ишке ашып, Стейн жетектеген экспедиция Хотан жана Чыгыш Түркстанга жүрүш уюштурат. Бир айга мерчемделген жүрүш он төрт айга созулган. Анын натыйжалары абдан жемиштүү болгон. 1906-1908 жж.жүрүштө Стейн буттарын тоңдуруп, бармактарынан ажыраган. Бул жүрүштүн өтө татаал болгондугун чагылдырат. Арийне, жүрүштүн жыйынтыктары илимге зор ачылыштарды алып келген болучу. Стейн Евразияны бириктирген караван жолун ачкан, Лулань эстеликтеринен байыркы тохар тилиндеги жазуу эстеликтерин ачкан. Такла Макан чөлүн басып өткөн саякатчы Дуньхуандан “Миң будданын үңкүрүн” ачкан, ал жерден 40 000 ашуун Дуньхуань жазууларын тапкан, алардын ичинде байыркы түрктөргө таандык атактуу “Бал ачуу“ (“Книга гаданий”) жана дүйнөдөгү эң эски басма китепти (Алмазная сутра) таап, илимге киргизген. Стейндин ачуулары Европанын билимдүү калкын кызыктырган, Англиянын королунан рыцардын кылычын алган. 1913-1918 жж, 1930-ж. Кушан падышачылыгынан калган эстеликтерди изилдеген. А.Македонскийдин аскер жүрүшүн жана Грек-Бактрия маданиятын изилдөө үчүн уюштуруу үчүн экспедицияны даярдоодо Кабулда каза табат. Сөөгүн Кабулга коюшкан.