From Wikipedia, the free encyclopedia
Тулаң (лат. Stipa, L. 1753) – дан өсүмдүктөр тукумуна кирүүчү көп жылдык чөп. Жер шарында 300дөй (КМШда 57; Кыргызстанда 22 ден ашык) түрү белгилүү. Сабагы тик өсөт, ичке жалбырактуу, топ гүлдүү, сейрек машакчалуу, даны узун кылкандуу. Кара топурактуу жерлерге жакшы өсөт. Т-ды тоют катары вегетация мезгилинин алгачкы фазаларында пайдаланган жакшы. Май айынан баштап катый баштайт. Тулаңды жылкы жакшы жейт, ал эми кой менен уй көп жебейт. Т-дуу жайытка анын даны бышканда мал жаюуга болбойт, анткени анын кылканы жүнгө жабышып, териге сайылат да андан денеге өтүп малды жабыркатат.
Европада, Кавказда, Батыш Сибирде жана Борбордук Азияда Лессинг тулаңы кеңири таралган. Бийикт. 40-70 см, Лессинг тулаңы көп өскөн талаада ар га-дан 10-15 ц көк чөп чабылат. Талаалар чарбачылыкта интенсивдүү колдонулгандыктан көпчүлүк түрүнүн саны жана таралуусу кыскарып келет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.