Тунис
From Wikipedia, the free encyclopedia
Туни́с (араб. تونس), расмий — Туни́с Респу́бликасы (араб. الجمهرية التونسية) — Түндүк Африкадагы мамлекет. Борбор калаасы - Тунис.
Түндүгү менен чыгыш жээгин Жер Ортолук деңизи чулгайт. Батышынан жана түштүк-батышынан Алжир , түштүк-чыгышынан Ливия менен чектешет. Аянты 162,2 миң кмг. Калкы 10,8 млн (2013). Адм. борбору - Тунис ш. Адм.-айм. жактан 24 вилайетке (губернаторлукка) бөлүнөт. Т. - БУУнун (1956), ЮНЕСКОнун (1956), Эл аралык атом энергетика боюнча агенттиктин (1957), ИНТЕРПОЛдун (1957), ЭВФтин (1958), Африка биримдиги уюмунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) ж. б. мүчөсү. Ма млекеттик түзүлушү.
Тунис - унитардык мамлекет. Конституциясы 1959-ж. 1-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (2011-жылдан Монсеф Марзуки). Мыйзам чыгаруу бийлигин эки палаталуу парламент (Кеңештер палатасы жана Депутаттар палатасы) ишке ашырат. Тунисте көп партиялуу саясий система орун алган.