Хонгорай - Wikiwand
For faster navigation, this Iframe is preloading the Wikiwand page for Хонгорай.

Хонгорай

Wikipedia дан

Хонгорай, Хоорай – кыргыз журтунун экинчи бир аталышы; Минуса ойдуңунун тоолуу-талаалуу аймактарынын географиялык аталышы. Кыргыздардын Хонгорай этно-саясий бирикмесиндеги ээлеген орду зор болгон. 17-кылымдагы орус документтеринде Хакас-Минуса аймагы «Кыргыз жери», «Кыргыз өлкөсү» деп жазылган. Айрым коңшу элдер, мисалы, шорлор бул аймакты «Хыргыс-Хоорай» деп аташкан.

Хонгорайдын туусу, Азыркы Хакас Республикасынын туусунда бул тамга бар.
Хонгорайдын туусу, Азыркы Хакас Республикасынын туусунда бул тамга бар.

Орто кылымдардагы кыргыздардын үстөмдүгүн Саян-Алтайдын топонимикалык аталыштары да ырастайт: түштүк-батыштан – Абакандын жогорку агымындагы Кыргыз (Хыргыс-Суг) дарыясы, түштүктөн – Батыш Саяндардагы Кургусук (Хыргыс-Суг) дарыясы, чыгыштан – Чулум дарыясынын өрөөнүндөгү Кургусун (Хыргыс-Чул) дарыясы жана түндүк-батыштан – Том дарыясынын өрөөнүндөгү Киргизка Кургусун (Хыргыс-Чул) дарыясы.

Колдонулган адабият

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер




{{bottomLinkPreText}} {{bottomLinkText}}
Хонгорай
Listen to this article